• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда Курман айт намазын мечиттерде окууга чектөө коюлду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.07.21. /Кабар/. Өзбекстанда эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашынан улам Курман айт жана жума намазын мечиттерде окууга чектөө коюлду. Бул тууралуу өлкөнүн Дин башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, намазды үйдө окуу сунушталууда. Мечиттердин айланасындагы ачык аянтка беткап кийип, аралыкты сактоо менен калган намазды окууга болот.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда Курман айт намазы аянттарда эмес, мечиттерде гана окулары айтылган. Ошондой эле намаздын программасы жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий