• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстанда кыргыз тилинде билим берген 56 мектеп бар

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 01.10.18. /Кабар/. Өзбекстанда кыргыз тилинде билим берген 56 мектеп бар. Аларда 8 миңден ашуун бала окуйт.

Белгилүү болгондой, Өзбекстанда бүгүн Мугалимдердин жана устаттардын күнү белгиленүүдө.

Өзбекстандын президенти 5-сентябрда “Элдик билим берүү системасын башкарууну жакшыртуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыкты кабыл алган. Анда тармакты өнүктүрүүдөгү жаңы перспективалар көрсөтүлгөн.

Ошондой эле Андижан мамлекеттик университетинде “Эне тил жана адабият: кыргыз тили жана адабияты” боюнча бакалавриат бар. Ал жерде 2016-2017-окуу жылында 75 студент билим алган.

Өзбекстанда 6 улуттук маданий борбор бар – Андижан, Наманган, Фергана, Джизак жана Сырдарыя облустарында. Алар Ташкентте 1995-жылдан бери иштеп жаткан Өзбекстандын республикалык кыргыз маданий борборун бириктирет.

Өзбекстанда Мугалимдердин жана устаттардын күнү 1997-жылдан бери жыл сайын 1-октябрда белгиленип, эс алуу күнү деп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий