• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт, - деп билдирет Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара эртең, 25-октябрда болот.

Маданият күндөрүн өткөрүү боюнча расмий делегацияны КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Бактыбек Секимов жетектейт.

"Иш-чаранын алкагында атайын даярдалган көчмө көргөзмө, театралдаштырылган көрсөтүү, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын артистери, Нурдин Түгелов атындагы “Ак - марал” Мамлекеттик бий ансамбли, Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук – этнографиялык ансамбли жана кино тармагынын өкүлдөрү кыргыз элинин улуулугун жана улуттук өзгөчөлүгүн даңазалаган маданий программа аркылуу өнөрлөрүн тартуулашат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2017 –жылдын 5-6-сентябрь күндөрү Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасына алгачкы мамлекеттик иш сапары менен келип, мамлекет башчылар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелерди бекемдөө, достук жана кызматташтык алакаларды мындан ары өнүктүрүү максатында эки өлкөнүн ортосунда маданият күндөрүн өткөрүү макулдашылган.

2017-жылдын 15-октябрында Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында жогорку деңгээлде өткөрүлгөн.

Ал эми Кыргызстандын маданият күндөрү Өзбекстандын Ташкент жана Самарканд шаарларында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий