• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өзбекстандан Кыргызстанга $2,1 млн мыйзамсыз алып келе жаткандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.04.19. /Кабар/. Өзбекстандын атайын кызматы Анжияндан Кыргызстандын Кара-Суу шаарына бараткан унаанын ичинен 2 млн 116 миң 501 долларды тапты. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, "Nexia" унаасы Кыргызстанга бара жаткан жеринен Хожабад районунда токтотулган. Андагы акча 30 литр көлөмдөгү желим идиште жана 2 желим баштыкты катылган.

Белгилүү болгондой, Карасуу районунун тургуну Шахрихан районунан алган акчаны Ташкенттен берип жиберишкен. Ал акчалар бажы көзөмөлүнөн тышкары өтүп, Кыргызстанга чыгарылып кетмек.

Бул окуя боюнча кылмыш ишин ачылып, ага тиешеси бар адамдарды аныктоого киришти.

Пикир

Оставить комментарий