• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда латын арибиндеги жаңы алфавиттин долбоору талкууга коюлду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Өзбекстанда латын арибинин негизинде түзүлгөн өзбек алфавитинин жаңы версиясынын долбоору талкууланууда.

Өзбекстандын Илимдер академиясы иштеп чыгып, 16-мартта жарыяланган мыйзам долбооруна ылайык, жаңы алфавит 28 тамгадан, 1 тамгалар айкалышынан (ng) жана 1 апострофтон (ажыратуу белгисин көрсөтөт) турат.

Долбоордо Ғ ғ тамгасын Ḡ ḡ, Ў ў тамгасын Ō ō, Ш ш тамгасын Ş ş жана Ч ч тамгасын Ç ç формасында жазуу сунушталган. Бул түрк тилдүү башка өлкөлөр колдонгон латын алфавиттерине болушунча жакын экенин белгиленүүдө.

Долбоорду талкуулоо быйыл 31-мартка чейин уланат.

Өткөн айда Өзбекстандын өкмөтү 2023-жылдын 1-январына чейин толугу менен латын арибине өтүү тууралуу чечим кабыл алганы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий