• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда Маданият министрлигинин кызматкерлери иш күндөрү такыя кийишет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Мындан ары Өзбекстандын Маданият министрлигинин кызматкерлери иш күндөрү улуттук баш кийим — такыя кийип жүрүшү керек болот. Бул тууралуу өлкөнүн маданият министри Озодбек Назарбеков Telegram-каналы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, министрликтин жетекчилиги бул демилге менен улуттук каада-салтты жайылтууда үлгү болууну көздөөдө.

Назарбековдун видеокайрылуусунда министрликтин тебетей кийген кызматкерлери көрсөтүлгөн. "Мен бардык тармактын өкүлдөрүн, сүрөтчүлөрдү, патриотторду жана ыктыярчыларды бул демилгени колдоого чакырам", — деди министр.

Пикир

Оставить комментарий