• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзбекстанда майзаводдун кызматкерлерине айлыктын эсебинен жүзүм таратылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.12.18 /Кабар/. «Гулистон экстракт -Ёғ» ишканасынын кызматкерлери айлык акынын ордуна 10 килограммдан жүзүм алганынына даттанышты.

25-декабрда «Гулистон экстракт -Ёғ» ишканасы кызматкерлерине бир үкөктөн жүзүм тарата баштаган. Компания кызматкери анын акысы маянадан кармалып каларын билдирген: “Бир үкөктө 10 килограммдан жүзүм бар экен, ал үчүн 70000 сумдан($8,4) кармап калабыз деп айтышты. Демек бир килограмм жүзүм 7000 ($0,8) турат. Бирок жаңы жылдык дасторкон үчүн бизге акча керек... Биз бул жүзүмдөрдү эмне кылабыз? Бир эле мен эмес башкалар дагы нааразы болуп жатат ", - деген ал.

Бирок кызматкерлер нааразылыгын билдиргенден кийин жетекчилик мурдагы оюнан кайтып, жүзүм жаңы жылдык белектин ордуна таратылып жатканын ырастады.

Ишкананын катчысы Мутабар Аманова жузүм ай сайын маянага таратылып турган деген маалыматтарды четке какты.

Буга чейин Өзбекстанда жумушчулардын жана мугалимдердин айлык акыларынын ордуна электр лампочкасы же айыл чарба азыктары берилген учурлар болгон. Алар базар баасынан алда канча кымбат таратылган.

Пикир

Оставить комментарий