• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда мамкызматкерлер жумушка онлайн сынактардын негизинде кабыл алына баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Өзбекстанда 1-сентябрдан тартып мамлекеттик органдар менен уюмдардын кызматкерлери жумушка ачык онлайн сынактын негизинде кабыл алына баштайт. Бул тууралуу жемкорлукка каршы ишмердүүлүктү натыйжалуу уюштурууга арналган президенттин жарлыгында айтылат.

Документке ылайык, 1-октябрга чейин жемкорлуктун жана кызыкчылыктар кагылышынын негизинде түзүлгөн эмгек келишимдерин жокко чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгат. Ал ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин бизнестеги ишмердүүлүгүнүн укуктук кесепеттерин да аныктайт.

Мындан тышкары 1-августтан тартып мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы тендерлердин жыйынтыктары ачык жарыяланып, мамлекеттик сатып алуулар боюнча өнөктөштөрдү текшерүү жол-жобосу иштелип чыгат.

1-октябрдан тартып бардык мамлекеттик органдар менен уюмдарда, ошондой эле облустук акимчиликтерде ички антикоррупциялык түзүмдөр түзүлөт.

1-декабрдан тартып Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги жыл сайын жемкорлукка каршы күрөштүн натыйжалуулугун баалаган рейтингдерди жарыялап турат.

1-декабрга чейин мамлекеттик кызматкерлердин кирешелери жана мүлктөрү тууралуу декларациялардын маалыматтар базасы түзүлөт.

2022-жылдын 1-январынан тартып мамлекеттик кызматкерлер коррупцияга каршы күрөшүү, кызыкчылыктар кагылышы жана этика боюнча атайын окутууларга катыша башташат.

Пикир

Оставить комментарий