• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда мамлекетке 8 млрд сум зыян келтирген аткаминер 8 млн сум айып төлөйт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Ташкенттин Чиланзар райондук соту Өзбекстандын кинематография агенттигинин башкы директору Фирдавс Абдухаликовдун иши боюнча өкүм чыгарды.

21-февралда кабыл алынган сот чечимине ылайык, Абдухаликов Административдик кодекстин "Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамды бузуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 8 100 000 сум (750 доллар) өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирилди.

24-январда Өзбекстандын Коррупцияга каршы күрөшүү мекемеси Фирдавс Абдухаликов сериалдарды сатып алуу үчүн бөлүнгөн 8 миллиард сум өлчөмүндөгү мамлекеттик субсидияларды аялына, кызына жана баласына таандык компанияларга которгонун кабарлаган.

1-февралда ага административдик укук бузуу боюнча айып тагылып, иши Чиланзар райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий