• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлердин сот отурумдарын түз эфирде көрсөтүү сунушталууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Өзбекстанда "Мамлекеттик органдар менен уюмдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгына жана коомдук көзөмөлдү жакшыртууга байланышкан айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору талкууга коюлду.

Документте мамлекеттик кызматкерлердин үстүнөн өтүп жаткан сот отурумдарын ЖМКлар аркылуу түз эфирде көрсөтүү сунушталган.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, мыйзам долбоорунда жарандардын эркиндиги, укуктары жана коомдук тартип бузулганда, саламаттык сактоо тармагындагы, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө байланышкан укук бузуулар боюнча сот отурумдарын тараптардын макулдугу менен ЖМКларда көрсөтүүгө мүмкүндүк берген жаңы нормалар сунушталууда.

Буга чейин Өзбекстандын өкмөтү "Мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-турумунун кодексин" иштеп чыккан. Ал кийинки жылдан тарта иштей баштайт.

Пикир

Оставить комментарий