• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда маммекемелерде чогуу иштөөгө тыюу салынган туугандардын тизмеси кеңейтилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Өзбекстандын Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги Эмгек кодексиндеги "Туугандардын мамлекеттик мекемелерде чогуу иштешин чектөө тууралуу" беренеге өзгөртүүлөрдү киргизе турган мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Ага ылайык, туугандардын, кудалардын бир мамлекеттик мекемеде бири-бирине түздөн-түз баш ийген кызматтарда иштөөсүнө тыюу салынат. Буга чейин мындай чектөө жакын туугандар үчүн гана иштеп келген.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттик кызматкер тууганы менен бир мекемеде иштеп жатканын билгенден кийин 10 күндүн ичинде ал тууралуу жетекчилигине маалымат бериши керек болот. Бул талапты аткарбаган кызматкерлер үчүн 375-500 доллар өлчөмүндө айып пул каралган. Эгер кызматкер бул тууралуу маалымат бергенден кийин жетекчилик алардын бирөөнү башка кызматка которуу боюнча чараларды көрбөсө, ал 600-750 доллар өлчөмүндө айып пул төлөйт.

Пикир

Оставить комментарий