• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.07.21./Кабар/. Өзбекстанда массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын республикалык комиссиянын чечимине шилтеме кылып билдирди.

Чечимге ылайык, массалык майрамдык иш-чаралардын бардык түрлөрүн, спорттук мелдештерди, ошондой эле ачык жана жабык жайларда концерттерди, фестивалдарды жана кинопрограммаларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилди.

Ошол эле маалда спорттук мелдештерди көрүүчүлөрсүз өткөрүүгө уруксат бар.

1-августтан тартып Өзбекстандын аймагында үлпөт тойлорду, тажияларды жана башка үй-бүлөлүк мааракелерди өткөрүүдөгү санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышына көзөмөл күчөтүлүп, алардын катышуучуларынын саны 50 кишиден ашпашы керек деген чектөөлөр киргизилет.

1-майдан тартып Өзбекстанда жабык жайларда концерттерди жана спектаклдерди өткөрүү убактылуу токтотулган.

Өткөн жумада Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын комиссия 28-июндан 12-июлга чейин Өзбекстанда карантиндик чектөөлөрдү күчөтүү тууралуу чечим кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий