• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда мечиттер 8-июнда ачылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда мечиттер 8-июндан тартып «жашыл» аймактарда гана иштей баштайт. Бул тууралуу Республикалык атайын комиссиянын 4-июндагы билдирүүсүндө жазылган.

Ага ылайык, 5-8-июнда диний мекемелердеги (мечиттер, чиркөөлөр) санитардык коопсуздукту камсыздоого багытталган бир катар даярдык чаралары көрүлөт. Бул мекемелер дезинфекцияланып, социалдык аралыкты сактоого багытталган атайын белгилер орнотулат. Мындан тышкары диний мекемелердин жумушчуларына атайын окутуу семинарлары өткөрүлөт.

Атайын комиссия 8-июндан тартып жарандар бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен (беткап кийип, 1,5 метрлик социалдык аралыкты сактоо) диний жөрөлгөлөрдү аткарса болорун билдирди. Ошол эле маалда массалык диний иш-чараларга, анын ичинде жума намаздарга уруксат берилбейт.

Буга чейин комиссия мечиттер менен башка диний мекемелер 5-июндан тартып «жашыл аймактарда» иштей баштай турганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий