• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда мечиттерде намаз окууга убактылуу тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Өзбекстанда эпидемиологиялык абал турукташмайынча мусулмандар жума намазын жана ар күнкү беш убак намазын үйлөрүндө окушу керек. Бул тууралуу өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгы чыгарган фатвада айтылат.

Муфтияттын билдирүүсүнө ылайык, фатва коронавирус аныкталган өлкөлөрдөгү ислам уюмдарынын жана окумуштуулардын чечимдеринин негизинде кабыл алынды.

Муфтияттын маалыматына караганда, мечиттер жабылбайт, мурдагыдай эле азан айтылып турат. Бирок мечиттердин кармагындагы ашканалардын иши убактылуу токтотулуп, куран окутуу, аш берүү жөрөлгөлөрү өткөрүлбөйт.

Ал арада Казакстандын мечиттеринде да жума намазын окуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгы 16-мартта билдирген.

Пикир

Оставить комментарий