• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда медиктер кыктын запасын эсептеп чыгууга милдеттендирилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.01.18 /Кабар/. Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы Шурчин районунда Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгерлери менен медайымдары жергиликтүү фермерлерде уй кыгынын канча запасы бар экенин эсептеп чыгууга милдеттендирилди.

Медиктер аларды эмгек келишиминде каралбаган иштерди аткарууга мажбурлап жаткандыктарына даттанышууда.

– Биз жакында эле алыскы айылдардын бирине барып, анда 20 тонна кык бар экенин эсептеп келдик. Өзүбүздүн негизги милдеттерибизди таштап коюп, уйдун кыгын эсептөө менен алектенип жатабыз. Мунун баары отчет үчүн гана жасалууда. Мисалы, биз кайсыл бир айылга барып, фермерди таап, анда канча кык бар экенин сурайбыз. Ал канча бар десе ошончо деп жазабыз. Биз чынында анда канча тонна кык бар экенин так эсептеп чыга албайбыз, – деди жергиликтүү дарыгерлердин бири.

Анын айтымында, медиктер райондун алыскы кыштактарына өз эсебинен барууга мажбур болушууда.

–Ал жактарга автобус каттабайт. Ошондуктан такси менен барып келүүгө туура келет. Борбордо жалпысынан 70 кызматкер иштейт. Алар 2-3төн болуп топторго бөлүштүрүлгөн. Өзүбүздүн негизги жумушубузду таштап коюп, кык эсептөө менен алектенүүдөбүз. Мындай былтыр дагы болгон, – деди ал.

Өткөн жылы февралда аталган борбордо башкы дарыгердин орун басары болуп иштеген Мусурмон Эшкобилов бул маалыматты ырастады.

– Кык чогултуу жана эсептөө – бул республикалык, өкмөттүк маанидеги маселе. Мындай жол менен биз фермерлерге кыктын запасын түзүүгө жардам беребиз. Биздин кызматкерлер үймө-үй кыдырып, алардын санитардык абалын текшеришет. Тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, үйдө топтолгон таштанды менен кыкты сыртка чыгаруу керектигин айтышат, – деди аткаминер.

Пикир

Оставить комментарий