• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда милиция имаратын ремонттоп жаткан жети жумушчу газга ууланып мерт болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Жизак облусунун Даштабад шаарында 19-ноябрга караган түнү ички иштер башкармалыгынын имаратын ремонттоп жаткан жети жумушчу газга ууланып мерт болду. Бул тууралуу маркумдардын туугандары билдирди.

Маалыматка караганда, жумушчулар имараттагы бөлмөлөрдүн биринде түнөшкөн. Түнкүсүн плита иштеген бойдон калып, жумушчулар газга ууланып каза табышкан.

Баштапкы маалыматтар боюнча маркумдардын экөө Самарканд, калгандары Жизак облусунун тургундары болгон.

Даштабад шаардык ички иштер башкармалыгы жумушчулардын өлүмүн тастыктап, бирок кененирээк маалымат берүүдөн баш тартты.

Пикир

Оставить комментарий