• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда милиция кызматкери кош бойлуу келинди сабаган деп айыпталууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Өзбекстандын Кашкадарья облусундагы Китаб районунун 24 жаштагы тургуну милиция кызматкерлеринин бири тарабынан сабалганын айтып даттанууда. Бул окуя боюнча прокуратура тергөө иштерин баштады.

Тогуз айлык боюнда бар 24 жаштагы Латофат Рахимова 1-июнда ата-энеси менен укук коргоо органдарына кайрылуу үчүн барган маалда Китаб РИИБисинин кызматкери тарабынан сабалганын айтууда.

– Алгач күзөтчү чыгып, биз менен өтө орой сүйлөштү. Мен нааразылыгымды айтып, адамдар менен сылыгыраак сүйлөшсөңөр болбойбу дедим. Ошол маалда милициянын офицери чыгып, биздин ишке кийлигишпе деп мени түрткүлөй баштады. Мен кош бойлуу экенимди айтып, жулкулдатпашын өтүндүм. Ал болсо мени жакка чаап жиберди. Мен жерге жыгылдым. Камерага камайм деп сүйрөй баштаганда суум кете баштады. Абалымды көргөн ал тез жардам кызматын чакырды», — деди Рахимова.

Китаб райондук ооруканасынын дарыгерлери Латофат Рахимова 1-июнда уруп-согуу белгилери менен жеткирилгенин билдиришти.

– Келин аны түртүп жиберишкенде кулап кеткенин айтты. Ал бизге бойдон түшүп калуу коркунучу менен жеткирилген. Медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин өзүн жакшы сезип калды. Бирок колдорунда жана көздөрүнүн алдында көгала тактар бар. Азыр наристенин абалы дагы жакшы, – деди дарыгерлердин бири.

Латофаттын атасы Нематулла Рахимов милиция кызматкери кызын сабап жатканын өз көзү менен көргөнүн айтып, бул боюнча прокуратурага арыз менен кайрылганын билдирди.

– Окуя менин көзүмчө болду. Ал күнү биз милицияга уулумдун иши боюнча кайрылганбыз. Балдарды коргоо күнүндө көчөлөрдүн көбү жабык болуп, уулум тыюу салынган белгиге карабастан өтүп кетип, милиция бөлүмүнө жеткирилген. РИИБге кайрылганыбызда алар кызымда сабашты. Мен бул окуя боюнча райондук прокуратурага арыз менен кайрылдым, азырынча эч кандай жыйынтык жок. Милициялар болсо менин көзөмөл органына кайрылуум уулумдун ишине зыянын тийгизе турганын айтып коркутушууда», — деди ал.

Китаб райондук прокуратурасынын кызматкери учурда Нематулла Рахимовдун кайрылуусу каралып жатканын билдирди. Анын айтымында, кош бойлуу келинди сабоо фактысы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий