• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда Мирзиёевдин негизги демилгелеринин тизмеси түзүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.07.19. /Кабар/. Коомдук «Юксалиш» кыймылы жергиликтүү жана чет өлкөлүк эксперттердин арасында сурамжылоо жүргүзүп, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин негизги он демилгесинин тизмесин түздү.

Талдоочулар коңшу өлкөлөр менен мамилени жакшыртуу, чек араларды ачуу, көзөмөл-өткөрмө бекеттерин түзүү, Борбор Азиядагы бардык өлкөлөр менен конструктивдүү диалогду орнотуу Мирзиёевдин эң көрүнүктүү демилгеси болгонун белгилешкен.

Тизмеде орун алган калган демилгелери:

2. Валюта рыногун либералдаштыруу, нак акча көйгөйүн чечүү— 90 добуш;

3. Мажбурлап иштетүү тажрыйбасын жоюу — 79 добуш;

4. Жогорку билим берүү системасын өнүктүрүү: ЖОЖдорго тапшыруу квоталарын көбөйтүү, улуттук жана чет өлкөлүк окуу жайлардын филиалдарын ачуу — 78 добуш;

5. Медиа мейкиндигин кеңейтүү, ММКлардын коомдогу ролун күчөтүү — 69 добуш;

6. Президенттин виртуалдык жана элдик кабыдама институттарын киргизүү — 63 добуш;

7. Күч түзүмдөрүн жана укук коргоо органдарын реформалоо — 61 добуш;

8. Салык реформасы — 59 добуш;

9. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын өнүктүрүү — 58 добуш;

10. Аймактык коопсуздукту камсыздоо чараларын кабыл алуу, Ооганстанда тынчтыкты орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жанданышы — 57 добуш.

Билдирүүдө президенттин демилгелерин сындаган комментарийлерге орун берилген эмес.

Шавкат Мирзиёев бүгүн, 24-июлда туулган күнүн белгилөөдө. Ал 62 жашка толду.

Пикир

Оставить комментарий