• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда мобилдик телефондордун IMEI-коддору каттоого алынат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Өзбекстандын жашоочулары кийинки жылдын 1-апрелине чейин мобилдик телефондорунун IMEI-коддорун каттатышы керек, болбосо байланышсыз калышат.

Өзбек өкмөтүнүн токтомуна ылайык, IMEI коддорду каттатуу телефон сатуудагы көмүскө базар менен күрөшүүгө жардам берет.

Norma.uz порталынын маалыматына караганда, телефондорун каттоодон өткөрбөгөн абоненттерге мобилдик кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салынат.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш министрлигинин кызматкери азырынча телефондорду каттатуунун акысыз же акылуу болору белгисиз экенин билдирди.

Адистер IMEI кодун каттаткан жарандар телефонун уурдатып же жоготуп алган учурда аны тез эле таба ала тургандыктарын билдиришүүдө.

Казакстанда быйыл майдан тарта мобилдик телефондордун IMEI коддору каттоого алына баштаган. 2019-жылдын 1-январына чейин телефондорун каттатпаган бардык жарандар мобилдик түйүндөн өчүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий