• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда мугалим үй тапшырмасын аткарбай келген окуучуларды сабаган

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 08.05.19 /Кабар/. Интернетке Өзбекстандын Жизак шаарындагы мектептердин биринин мугалими окуучуларды тизип алып, аларды сабап жатканы тартылган видео жарыяланды.

Видео 30-апрелде шаардагы №16 мектептин 6-классында физика сабагы өтүп жаткан маалда тартылган. Ал күнү мугалим тарабынан сабалган окуучулардын биринин апасы билдиргендей, уулу үй тапшырмасын аткарбай баргандыгы үчүн токмок жеген.

«Мугалим 45 мүнөттүк сабактын жүрүшүндө балдарды окутуунун ордуна «үй тапшырманы аткарган жоксуң», «дептериң, калемсабың жок» деген сыяктуу түрдүү шылтоолор менен териштирүүлөрдү баштап, убакытты өткөрөт. Ал балдарды дайыма урат. Мындан тышкары балдарга кол көтөргөн эркек мугалимдер дагы бар. Бир жолу уулумдун буттары көргөрүп келди. Сурасам агайы сабаптыр. Ошондон кийин анын сабакка көңүлү жок, мектепке баргысы келбейт. Директорго кайрылсак «бизде мугалимдер балдарга кол көтөрбөйт» деп коет. Акыры мындай учурлардын бирин видеого тартып алышыптыр», — деди окуучулардын биринин апасы.

Аталган мектептин директору Сожида Жураева бул окуя тууралуу маалыматы жок экенин айтып, ички териштирүү аяктагандан кийин маалымат бере турганын билдирди.

«Эгер мугалимдерден кимдир бирөө окуучуларды сабаган болсо, анда аны бүгүн эле жумуштан кетирем. Бирок биздин мектепте балдарга кол көтөрүшпөйт. Биз балдардан сурадык, баары тең эч ким тийбегенин айтышты», — деди Жураева.

Жизак облустук билим берүү башкармалыгынын өкүлү бул окуя боюнча алар дагы териштирүү жүргүзө тургандыктарын билдирди. Азырынча видеодо окуучуларга кол көтөрүп жаткандыгы тартылган мугалимдин өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Пикир

Оставить комментарий