• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда мугалимдерди мажбурлап иштеткен директор жумуштан алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.05.18. /Кабар/. Самарканд облусунда психикалык жактан жабыркаган балдарды окуткан №62 адистештирилген мектеп-интернатынын директору Азамат Умаров кызматынан бошотулду.

Тергөөнүн маалыматы боюнча директор мугалимдерди мажбурлап мектептин айланасын тазалаткан.

Жума башында №62 мектеп-интернаттын мугалимдери Азамат Умаровго каршы даттанышкан.

Буга чейин Самарканд облусунун Элдик билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп иштеген Азамат Умаров май айында № 62 мектеп-интернатына директор болуп дайындалган. Ал президент Шавкат Мирзиёев Самаркандга келерде көчө тазалап жатып, жүк ташуучу унанын алдында калып көз жумган мугалим Диана Еникееванын окуясынан кийин иштен алынган.

Мугалимдин өлүмү Өзбекстандагы мажбурлап иштетүү көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн бурган.

Жаңы кабыл алыган токтомго ылайык, мындан ары Өзбекстанда бюджет кызматкерлерин мажбулап ишке тарткан аткаминерлер сот жоопкерчилигине тартылат, айыппулдун көлөмү үч минималдык айлык акыга барабар болушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий