• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына 500 миң сумдан акчалай жардам берилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашаган 16га чыга элек балдарга бир жолудан 500 миң сум (50 доллар) өлчөмүндө материалдык жардам берилет. Тиешелүү токтомго өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

Токтомго ылайык, сентябрда акчалай жардам материалдык колдоого муктаждардын тизмесине киргизилген, багуучусун жоготкондугу үчүн пенсия же жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдөгү жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилет.

Өлкөнүн Каржы министрлигине республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден бул үчүн зарыл болгон сумманы өз убагында бөлүп берүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий