• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда мурдагы башкы прокурор бардык наамдарынан жана сыйлыктарынан ажыратылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. 20-июнда Өзбекстандын башкы прокуратурасында өткөн жыйында премьер-министр Абдулла Арипов менен президенттин администрациясынын башчысы Зайнилобиддин Низомиддинов камакка алынган мурдагы башкы прокурор Отабек Муродовду бардык наамынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратты.

Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасындагы бири-бирине көз карандысыз эки булак билдирди.

44 жаштагы Отабек Муродов “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “Пара алуу”, “Пара берүү” беренелери боюнча айыпталууда.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев өткөн жума күнү Сенаттын жалпы жыйынында мурдагы башкы прокурор Отабек Муродовго карата кылмыш иши козголгонун билдирген.

«Муну кантип түшүнсө болот? Алар кызматка ээ болор замат өзгөрүшөт. Облустук прокурорлордон 100-50 миң доллар пара алышат. Прокуратуранын жана салыктын бардык кызматкерлери – паракорлор. Мага бул жакшы белгилүү. Мен Муродовго ишенгем», – деген Мирзиёев.

Өзбек президенти иш ыргагы ушул калыпта уланса, прокуратуранын ыйгарым укуктарын кыскартарын эскерткен. Мирзиёев бул тармакты реформалоо үчүн жаңы жетекчи Нигматулла Юлдашевге алты ай мөөнөт берген.

Өзбекстанда акыркы төрт жылда төрт башкы прокурор алмашты. Баары тең кийинчерээк кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Пикир

Оставить комментарий