• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өзбекстанда мурдагы башкы прокурордун иши боюнча тергөө аяктады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Өзбекстанда мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровго козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктады. Ал «опузалоо», «кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «пара алуу» беренелери менен айыпталууда.

Бул иштин алкагында экс-башкы прокурордон тышкары дагы 24 киши камалган. Алардын көбү прокуратура кызматкерлери. Айыпталуучулардын биринин адвокаты ага айыптоо корутундусу менен таанышууга 25-декабрга чейин убакыт берилгенин билдирди.

Өзбекстандын башкы прокуратурасын 15 жыл башкарып, 2015-жылы апрелде кызматтан алынган 66 жаштагы Рашид Кадыров быйыл февралда Ташкентте кармалган. Андан бери бул ишти караган тергөө тобунун жетекчилери бир нече жолу алмашканы кабарланууда.

Быйыл майда өлкө президенти Шавкат Мирзиёев жакынкы 2-3 айдын ичинде мурдагы башкы прокурор улуттук телеканал аркылуу сүйлөп, өкүнүчүн билдире турганын айткан.

«Азыр башкы прокурор өзүнүн тобу менен бирге абакта отурат. 2-3 айдан кийин ал кылган иштери жөнүндө улуттук телеканалдан айтып бергидей кылам. Анткени ал бүт жерге коррупцияны жайылткан. Ар бир райондук прокурордон 30-40 миң доллардан алып турган. Ал чыныгы ууру болгон. Ошондуктан прокуратура органдарынан кадрлардын 70% кетирилди. Ал жакка ак ниеттүү адамдарды дайындадым. Эгер кимдир бирөө саткынчылык кылса, ал дагы ушундай жол менен жазаланат», — деген мамлекет башчы.

Быйыл 5-мартта өлкөнүн Ички иштер министрлиги Рашид Кадыровдун 39 жаштагы уулу Алишер Кадыровго эл аралык издөө жарыялаган. Ал алдамчылыкка жана опузалоого шектелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий