• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстанда мурдагы прокурор 50 миң доллар пара берип жатканда кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 15.03.19 /Кабар/. Өткөн жумада Өзбекстандын Наманган облусунун мурдагы прокурору Улугбек Тошев жогорку кызматтагы аткаминерлердин бирине 50 миң доллар өлчөмүндө пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн укук коргоо органдарындагы өз булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, Тошевге карата дароо камакка алуу бөгөт чарасы белгиленген. Ал быйыл марттын башында «мыйзамдуулукту камсыз кылууда ката кетирген» деген жүйө менен кызматтан алынып, прокуратура системасынан биротоло четтетилген.

2016-жылы апрелде Улугбек Тошев өлкөнүн мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыровдун «жакын адамы» деген негиз менен Ташкенттин Яккасарай районунун прокурору кызматынан алынган. 2015-жылга чейин ал Самарканд облустук прокуратурасынын төрага орун басары кызматында иштеген.

Өз булактардын билдиришинче, Улугбек Тошев 2017-жылы бир канча убакыт өлкөнүн мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыровго каршы козголгон кылмыш ишин иликтеген топту жетектеген.

Айрым өзбек басылмаларынын маалыматына караганда, Тошев жетектеген тергөө тобу экс-башкы прокурордун ишинин алкагында 21 чиновникти камакка алган.

Пикир

Оставить комментарий