• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда мусулмандар Орозодо намазды үйдөн окушат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгы коронавируска байланыштуу Рамазан айында мечиттерде намаз окууга болбой турганын билдирди.

Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгынын сайтында жарыяланган билдирүүдө бул маселе Кыргызстан жана Казакстан Мусулмандар дин башкармалыктары менен талкууланып, бир чечим кабыл алынганы айтылат.

Башкармалык карантин эрежелерин бузбоо үчүн Куранды үйдөн окуп, онлайн угууга кеңеш берди. Телеканалдар жана социалдык түйүндөр Орозого байланыштуу программаларды ырааттуу түрдө берип турат.

Жамаат менен ооз ачар өткөрүүгө да тыюу салынды. Ифтар уюштурууну каалагандар бул каражатты кайрымдуулукка жумшаса болот.

Буга чейин Сауд Арабиясы мусулмандарды ажылык үчүн Мекке жана Медина шаарларына зыяратка келбей турууга чакырган.

Пикир

Оставить комментарий