• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда Nike жана Adidas бут кийимдер чыгарыла баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 20.02.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын аягында Өзбекстан Nike жана Adidasтын бут кийимдерин чыгара баштайт. Бул тууралуу «Узчармсаноат» ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «SinoInternational» өзбек-кытай компаниясы инвестор болуп саналат. Долбоордун жалпы баасы $12 млн түзөт.

Аталган долбоор 2021-жылдын 4-чейрегинде ишке киргизилип, 2022-жылдын 3-чейрегинде толук кубаттуулукта иштей баштайт. Завод жылына 3 млн жуп спорттук бут кийим чыгарышы күтүлүүдө.

Заводдун курулушуна Андижан облусунун Асакин районунан 1 га жер бөлүнгөн, ал жакка жабдыктар жеткирилип, орнотулган.

Жылдык продукциянын 50%ы Борбордук Азия өлкөлөрүнө, 30%ы эл аралык жарманкелерге катышуунун эсебинен башка өлкөлөргө экспорттолуусу, ал эми калган 20%ы ички базарларда сатылуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий