• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстанда Ноорузду майрамдоо учурунда өспүрүм селкинчектен кулап, каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. Анжиян облусундагы эс алуу парктарынын биринде 16 жаштагы өспүрүм селкинчектен кулап түшүп, мерт болду. Күбөлөрдүн айтымында, трагедия 17-мартта Нооруз майрамына арналган иш-чара учурунда болгон, ага район башчысы катышкан.

– Район башчысы Улугбек Исамидинов Ноорузга карата эс алуу паркында майрамдык иш-чараларды өткөрүп жаткан. Трагедия кечки саат бештерде болгон. Үч-төрт бала селкинчек тээп жаткан, анан күтүүсүздөн бирөө кулап түшкөн. Ал жерден башын көтөргөндө күү менен келаткан селкинчек аны башка коюп кеткен. Натыйжада баланын башы жарылган, ​– деди күбөлөрдүн бири.

Анжиян райондук маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Халида Хатамова бул окуяны “кокустук” деп атады. Аткаминердин айтымында, эс алуу жайындагы селкинчек бардык коопсуздук эрежелерин сактоо менен орнотулган, былтыр мартта техникалык кароодон өткөн.

Райондук милиция териштирүү иштери жүрүп жатканын айтып, бул окуя боюнча комментарий берген жок.

Пикир

Оставить комментарий