• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда Ноорузга карата 5 тонна сүмөлөк даярдалат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.02.18. /Кабар/. Өзбекстандын Наманган шаарында бир казанга 5 тонна сүмөлөк даярдоо пландалууда. Мындай рекорддук сүмөлөк Нооруз майрамын майрамдоо маалында бышырылат.

Пландалып жаткан сүмөлөктү даярдоо үчүн 2 тонна ун, 1 тонна суу май, 450 кг жугөрү уну, 50 кг нават керектелет. Сүмөлөк былтыр жети тонна аш бышырылган казанда даярдалмакчы.

Акциянын демилгечилери Наманган шаардык акимиаты. Нооруздун символу болгон сүмөлөктү даярдоого жашы улгайган 25 аял катышат.

Сүмөлөк даяр болгондон кийин Наманган шаарынын тургундарына жана бардык келген конокторго таркатылат.

Пикир

Оставить комментарий