• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда облустар ортосундагы 54 МАИ бекети жана блокпосттор жоюлду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.01.18. /Кабар/. Өзбекстан ИИМи Жол кайгуул кызматынын облустар ортосундагы 54 бекети жана блокпосттору жабылганын билдирди.

22-декабрда президент Шавкат Мирзиёев парламентке жолдогон кайрылуусунда өлкө облустарынын ортосунда Жол кайгуул кызматынын бекеттеринин бар экенин сынга алган. Мамлекет башчы алар жол жүрүү эркиндигин чектеп, соода-экономикалык мамилелерге, ички жана тышкы туризмге терс таасирин тийгизип жатканын белгилеген.

Кийинчерээк өлкөнүн ички иштер министри Пулат Бабажанов облустардын ортосунда 113 бекет бар экенин билдирген.

Президенттин сынынан кийин ИИМде облустар арасында бекеттердин болушунун максаттуулугун иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Болжолдуу анализдин жыйынтыгы менен 66 бекетти жоюу чечими кабыл алынган.

Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча Жол кайгуул кызматынын 21 бекети, 14 блокпосту жана 19 тосмо бекеттери жоюлду. ИИМден калган бекеттердин ишмердүүлүгүн изилдөө иштери уланарын билдиришти.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий