• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда окуу жылы онлайн режимде аяктайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда быйылкы окуу жылы «online-maktab» долбоорунун алкагында уюштурулган телесабактар менен аяктайт. Мындай чечимди Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия кабыл алды.

Окуу жылынын аягына чейин аралыктан окутуу процессин уюштурууга катышкан мугалимдер менен билим берүү тармагынын кызматкерлери үйлөрүндө иштеп, айлыктарын толук алышат.

16-мартта Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы адам аныкталгандан кийин өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайлар, мектептер жана бала бакчалар карантинге жабылган.

30-марттан тартып Өзбекстанда мектеп окуучулары үчүн сабактар үч телеканал аркылуу көрсөтүлө баштаган.

Пикир

Оставить комментарий