• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда окуучуларды кемсинткен мугалим иштен алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Фергана облусунун Бувайда районундагы №3 мектептин мугалими окуучуларды кемсинтип, сабагандыгы үчүн жумуштан алынды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты

Буга чейин аталган мектептин мугалимдери түрдүү себептер менен, анын ичинде мезгилдик басылмаларга жазылуу үчүн окуучулардан акча талап кылып жатканы кабарланган.

Өлкөнүн Элдик билим берүү министрлиги ЖМКлардагы бул билдирүүлөр боюнча текшерүү баштаган. Анын жыйынтыгында аталган мектептин 7-классынын класс жетекчиси акча алып келбеген балдарды кемсинтип, аларга кол көтөргөнү аныкталган.

Фергана облустук билим берүү башкармалыгынын башчысынын буйругуна ылайык, аталган мугалим менен директордун орун басары жумуштан алынды. Мындан тышкары мектептин директору дисциплинардык жазага тартылган.

Пикир

Оставить комментарий