• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда окуучулардын чекесине «эки» койгон мугалим иштен алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.05.18. /Кабар/. Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги окуучулардын чекесине «эки» койгон Бекабад шаарындагы №5 мектептин мугалими жумуштан алынганын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары мекеменин басма сөз кызматына шилтеме кылып жазышты.

Күн мурун Бекабад шаардык прокуратурасы менен Ташкент облустук билим берүү башкармалыгы бул иш боюнча териштирүү иштерин баштаганы кабарланган. Ага чейин 1-класстын чекесине «эки» коюлган окуучуларынын сүрөтү социалдык түйүндөргө жарыяланган.

Тартиби начар жана начар окуган окуучуларды чекесине «эки» коюу менен жазалаган мугалимдин жоругу прокуратура тарабынан «психологиялык кыйноо көрсөтүү» катары бааланууда.

«Мекемеде окуучулардын укугун бузууга, алардын ар-намысын кемсинтүүгө шарт түзгөндүгү жана тиешелүү деңгээлде көзөмөл болбогондугу үчүн директор менен эмгек келишими бузулду», — деп жазылган Элдик билим берүү министрлигинин билдирүүсүндө.

Ошондой эле бул ишке байланыштуу өз милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле кылган деп директордун эки орун басары, ошондой эле башталгыч класстардын эки мугалими жумуштан алынды.

Ташкент облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси мугалимдердин мындай жоругунан жабыркаган окуучулардын ата-энелерине барып, кечирим сурады. Элдик билим берүү министрлиги окуучулардын укугу бузулган кандай гана көрүнүш болбосун, күнөөлүүлөргө карата катуу чаралар көрүлө турганын билдирди.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий