• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда окуучулардын чекесине "эки" койгон мугалим сурак берүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.05.18. /Кабар/. Өзбекстандын Бекабад шаарында прокуратура жана Ташкент облустук элдик билим берүү башкармалыгы төрт окуучунун чекесине “эки” койгон мугалимге карата бирелешкен текшерүү башташты.

Тартиби начар жана жакшы окубаган 1-класстын окуучуларынын чекесине “эки” коюу менен жазаландырган мугалимдин жоругу “психологиялык кыйноо көрсөтүү” катары бааланууда.

Ташкент облустук элдик билим берүү башкармалыгын башчысы Мухиддин Кузибаевдин айтымында, окуучуларга карата психологиялык басым көрсөткөн мугалим жумуштан убактылуу четтетилди.

– Азыр 1-класстын мугалими прокуратурада сурак берүүдө. Тергөөчүлөр чекесине “эки” коюлган төрт окуучунун ата-энесинен дагы түшүнүк кат жаздырып алышты. Бул мугалимдин ишин жашы жете электердин иштери боюнча мекеме аралык комиссия карап жатат, – деди Мухиддин Кузибаев.

Чекесине “эки” коюлган окуучулардын сүрөтү 11-майда Инстаграм менен Фейсбукта жарыяланган. Бул Интернет колдонуучуларынын кызуу талкуусуна алынган.

– Чекесине “эки” коюлган балдар мектептен үйлөрүнө ыйлап келишкен. Жини келген апалардын бири баласын сүрөткө тартып мага жиберген. Мен болсо Инстаграмга жайгаштырдым. ММКлардын жана коомчулуктун көңүлүн бургум келди жана максатыма жеттим, – деди Инстаграмдын колдонуучусу.

Өзбекстан Элдик билим берүү министрлигинин өкүлү балдарды шылдың кылган мугалимге карата катуу чара көрүлөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий