• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда окуучунун чекесине «эки» коюлган мектепте ири акча уурдоо фактысы аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Өзбекстанда окуучулардын чекесине «эки» койгон мугалимге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.

Бекабад прокуратурасы чекесине «эки» коюлган окуучулардын сүрөттөрүнө байланышкан окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштерин аяктады.

Өткөн жумада Ташкент облустук билим берүү башкармалыгынан башталгыч класстын мугалими тартипсиз 1-класстын окуучуларынын чекесине «эки» койгонун билдирген. Мугалимдин бул аракети прокуратура тарабынан окуучуларга «психологиялык кыйноо көрсөтүү» катары бааланган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, 3-майда Хамдамова 1-класстын төрт окуучусунун чекесине «эки» коюп, бул аракетин алар үй тапшырма аткарбай келгендиги менен түшүндүргөн. «Эртеси Хамдамова менен мамилеси начар Рахмонова деген мугалим балдардын чекесине кайрадан «эки» коюп, муну Хамдамова кылган деп алардын сүрөттөрүн интернетке жарыялаган», — деп билдиришти прокуратурадан.

Андан тышкары текшерүүнүн жүрүшүндө мектептин кызмат адамдары 21 миллион сум (2,6 миң доллардан ашык) өлчөмүндөгү бюджеттик каражатты уурдаганы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Хамдамова менен Рахмонова иштен алынды. Андан тышкары ишиндеги каталыгы үчүн мектептин директору жана анын беш орун басары дагы жумуштан кетти. Бекабаддын элдик билим берүү бөлүмүнүн башчысына дисциплинардык жаза катары сөгүш жарыяланды.

Бул эки факты боюнча тең кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий