• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өзбекстанда ооруканада каза болгон өспүрүмдүн агасы дарыгерге бычак менен кол салды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Өзбекстандын Жизак шаарынын тургуну 14 жаштагы инисинин өлүмүнө жергиликтүү хирургду айыптап, ага бычак менен кол салды.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя 29-июнда эртең менен болгон. Андан бир күн мурда жергиликтүү оорукананын хирургу 14 жаштагы бейтаптын бооруна операция жасагандан кийин өспүрүм каза болуп калган.

Жизак облустук ички иштер башкармалыгынан 26 жаштагы жергиликтүү тургун «адам өлтүрүүгө аракет кылуу» айыбы менен кармалып, кылмыш иши козголгонун билдиришти.

Учурда жаракат алган хирург ооруканада жатканы жана абалы жакшы экени кабарланууда.

Бул бейтаптардын туугандары дарыгерлерге кол салган Өзбекстандагы алгачкы учур эмес. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2017-2018-жылдары бейтаптар жана алардын туугандары тарабынан 300гө жакын медицина кызматкери сабалган.

Пикир

Оставить комментарий