• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда оорулуу аялды сойкулукка мажбурлаган адам 10 жылга соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.11.17 /Кабар/. Адвокат адам сатуу айыбы менен 10 жылга эркинен ажыратылган Бухара облусунун 28 жаштагы тургуну Шерали Мухмудовду актоо өтүнүчү менен апелляциялык арыз жазды. Бул иш боюнча сот 1-декабрга белгиленди.

Соттун 17-октябрдагы өкүмүнө ылайык, Махмудов Түркияга онкологиялык дарыланууга барган Өзбекстандын жараны Севар Гулямованы сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган.

Адвокат Шерали Махмудовго карата адилетсиз чечим чыгарылганын билдирип, анын сот залынан бошотулушун талап кылууда. Соттолуучунун жакындары ал өзүнүн ак көңүлдүүлүгүнүн курмандыгы болуп калды деп эсептешүүдө.

Бирок өлкөнүн транспорттук прокуратурасынын тергөөчүсү бул иш боюнча сотто кылмыш-процессуалдык кодекстин бардык нормалары сакталып, айыпталуучу өз укуктары менен камсыз болгонун билдирүүдө.

Августта жергиликтүү маалымат каражаттары 2016-жылдын аягында үч ай бою сексуалдык кулчулукта болгонун билдирген Ташкенттин 37 жаштагы тургуну Севар Гулямованын окуясы тууралуу жазып чыгышкан. Аялдын айтымында, аны сексуалдык кулчулукта бир туугандар Шерали жана Алишер Махмудовдор кармап келишкен.

Пикир

Оставить комментарий