• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда Ош театрынын спектаклин жылуу кабыл алышты

Маданият 0

Ташкент, 17-февраль /Кабар/. Фергана шаарынын Ислам Каримов атындагы Искусство сарайында Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын жааматы «Айкөл Манас» спектаклин коюшту деп билдирди Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинен.

Спектаклде актерлордун чеберчилиги, декорациянын кооздугу, сюжет менен музыканын гармониясы төп келишип, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды. Манастын образын жараткан Акмалхон Арслонхонов жогорку чеберчилик менен өз каарманынын ички дүйнөсүн, философиялык көз карашын, баатырдыгын жана адамдык бийик сапатын ачып берди.

“Биздин спектаклди көрүүчүлөр жылуу кабыл алганына кубанычтабыз. Мындай жолугушуулар артисттерди шыктандырат”,-деди Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын директору Идрис Айтбаев.

Иш-чарага Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов, Кыргызстандын премьер-министринин орун басары Жеңиш Раззаков жана Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков катышты.

Пикир

Оставить комментарий