• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстанда от казандардын 90% иши калыбына келтирилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Өзбекстандын Турак жай-коммуналдык тейлөө министрлиги өлкөнүн жылуулук берүү системасына кирген 500 от казандын 444үнүн иши калыбына келтирилгенин билдирди.

Мекеменин 27-январь күнү кечинде жарыяланган билдирүүсүндө Ташкенттеги борбордук жылуулук берүү түйүнүнүн от казандары 3-4 сааттын ичинде толук кубаттуулукта иштей баштап, көп кабаттуу үйлөргө жылуулук бериле турганы жазылган.

25-январда борбор азиялык энергетикалык шакекчеде авария болгондон кийин Өзбекстандын аймактарында жарык менен жылуулук берүүдөн тышкары таза суу да токтоп калган.

Министрликтин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Каракалпакстан Республикасына, Бухара, Навои, Наманган, Самарканд, Хорезм облустарына жана Ташкент шаарына таза суу берүү 100% калыбына келтирилди.

Пикир

Оставить комментарий