• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда пара алган эки прокурор кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Өзбекстандын Жизак облусундагы райондордун биринин прокурору пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу "Өзбекстан 24" телеканалы өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, прокурор жергиликтүү курулуш компаниясынын мыйзам бузган жетекчисинен 2 миң доллар талап кылып, анын 800 долларын алып жатканда колго түшкөн.

Улуттук коопсуздук кызматы жүргүзгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Самарканд облусундагы райондордун биринин прокурорунун орун басары да кармалды. Ал жергиликтүү дыйканчылык чарбанын үч жылга соттолгон өкүлүнүн жазасын кыйла катаалдатып, мурдагы өкүмдү күчүндө калтыруу үчүн андан 10 миң доллар талап кылган.

Мындан тышкары пара алуу учурунда Наманган облусунда Мажбурлап аткартуу бюросунун бөлүм башчысы да кармалды. Ал жергиликтүү тургундардын бирине Кыргызстандагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинен Анжиян мамлекеттик медициналык институтуна которулууга жардам берип, бул үчүн талап кылган 700 доллардын 200 долларын алып жатканда колго түшкөн.

Бул фактылар боюнча тиешелүү беренелер боюнча кылмыш иштери ачылып, тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий