• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда пенсия менен айлык акылардын баары пластик карталарга которула баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/.Өзбекстанда бардык пенсия төлөмдөрү менен айлык акылар банк карталарына которула баштайт. Тиешелүү чечимди өлкөнүн Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссиясы кабыл алды.

Өзбекстандын Борбордук банкынын маалыматына караганда, ушу тапта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, банктын өкүлчүлүктөрү жана башка уюмдар төлөмдөрдү накталай эмес формада аткарууга өтүп жатышат. Май айынан тартып Ташкент, Нукус шаарларында жана облус борборлорунда жашаган пенсионерлердин акчасы пластик карталарга которула баштайт. Кийинчерээк бул ыкма өлкөнүн башка аймактарына да киргизилет.

Карта алуу үчүн пенсионерлер үйдөн чыкпайт, бардык керектүү маалыматтарды банкка Пенсиялык фонд жөнөтөт. Даяр болгон карталарды пенсионерлерге банк кызматкерлери үйлөрүнө жеткирип беришет.

Мындан тышкары өлкөдөгү жеке жана мамлекеттик компаниялардын кызматкерлерине айлык акы төлөө дагы акырындык менен карталарга которула баштайт. Бул үчүн ишкана жетекчилерине кыска убакыттын ичинде кызматкерлерине карта ачып берүү тапшырылды.

Өткөн айда Өзбекстандын Борбордук банкы коронавирустун жайылышына байланыштуу калкты накталай акча колдонууну болушунча азайтып, интернет-банкинг жана төлөм системаларын пайдаланууга чакырган.

Ага чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму накталай акча колдонуу коронавирус жуктуруп алуу тобокелдигин жогорулатышы мүмкүн экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий