• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда пенсионерлерге банкты тандоого мүмкүнчүлүк берилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Өзбекстандын Борбордук банкы менен Каржы министрлиги пенсияны жападан жалгыз Элдик банк аркылуу жеткирүү эффективдүү эмес экенин мойнуна алды. Мындан ары пенсионерлерге банкты өзүлөрү тандоого мүмкүнчүлүк берилет.

Бул тууралуу Кредиттик уюмдарга көзөмөл жүргүзүү департаментинин директору Аброрходжа Турдиалиев билдирди.

Анын айтымында, Элдик банк Humo бренди менен 620 миң банк каратасын чыгарып, пенсионерлерге тараткан. Бирок 7-8-майда Humo төлөм системасы бузулуп, пенсионерлер үчүн ыңгайсыздыктарды жараткан. Буга байланыштуу өзбек бийлиги бир банк аркылуу төлөм жүргүзүү тажырыйбасынан баш тартууну чечти.

Өзбекстанда 2017-жылдан бери пенсионерлерди Элдик банк гана тейлеп келген.

Пикир

Оставить комментарий