• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда президенттик аппарат администрация болуп өзгөрдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. Мирзиёев президенттин мамлекеттик кеңешчисинин кызматын жойду. Мамлекет башчынын аппараты президенттин администрациясы болуп өзгөрдү.

Президенттик администрация жетекчиси болуп буга чейин аппарат башчынын милдетин аткаруучу Зайнобиддин Низомиддинов дайындалды.

27-авгутта Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында өткөн отурумда мамлекеттик кеңешчилер институтун жойду, эми алар президенттин кеңешчилери болушат.

Маалыматтарга караганда, мурдагы мамлекеттик кеңешчилер – Рустам Касимов, Рустам Инаятов, Виктор Махмудов жана Турсинхон Худейбергенов президенттин кеңешчилери болушту. Ислам Каримовдун тушунда аппарат башчысы болуп иштеген Зелимхан Хайдаров Мирзиёевдин администрациясында иштөөнү улантар-улантпасы белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий