• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда президенттин басма сөз катчысы менен УТРК башчысы жумуштан алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.08.17. /Кабар/. Өзбекстанда президенттин басма сөз катчысы Асаджон Хаджаев менен Улуттук телерадиокомпаниянын төрагасы Бабур Алиханов жумушан алынды. Бул тууралуу өзбек ММКлары билдиришти.

Асаджон Хаджаев басма сөз катчылыкка ушул жылдын мартында, Бабур Алиханов УТРКнын төрагалыгына февралда дайындалган.

Kun.uz маалыматтык сайты өз булактарына шилтеме кылып жазгандай, эки аткаминердин кызматтан алынышы өз ара байланыштуу. Басылманын маалыматына караганда, Хаджаев менен Алиханов 25-августта Самаркандда башталган "Шарк тароналари" аттуу эл аралык музыкалык фестивалды чагылдырууда кетирген каталарынан улам жумуштан бошотулган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий