• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда Президенттин жаңы басма сөз катчысы дайындалды

Дүйнө 0

Ташкент, 16-март /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Асаджон Ходжаев Өзбекстандын Президентинин мамлекеттик кеңешчисинин орун басары – басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн жергиликтүү ЖМКлар билдиришти.

Дайындоого чейин ал премьер-министрдин аткаруучу аппаратынын башчысы, мурда Өзбекстандын Алишер Навои атындагы Улуттук китепканасынын директору болуп иштеген.

А.Ходжаев 1970-жылы туулган, Ташкент электротехникалык байланыш институтунун бүтүрүүчүсү.

Пикир

Оставить комментарий