• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстанда прокурордун орун басары жол жээгинде бараткан келинди өлтүрө сүзүп кетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. 16-сентябрда Өзбекстандагы Арнасай районунун прокурорунун орун басары Дильшод Каримов достору менен автожарыш уюштуруп, жол жээгинде бараткан 25 жаштагы келинди өлтүрө сүзүп кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

«16-сентябрда Арнасай районунун прокурорунун орун басары достору менен жарыш уюштуруп, жыйынтыгында жол жээгинде турган 1993-жылкы сатуучуну сүзүп кеткен. Ал ошол жерде жан берди. Прокурордун орун басары азыр ооруканада», – деп билдирди жергиликтүү тургундардын бири.

Укук коргоо органдарынан прокурордун орун басары катышкан жол кырсыгынан жергиликтүү тургун мерт болгонун ырастап, бирок анда автожарыш уюштурулбаганын билдиришти.

«Прокурордун орун басары Дильшод Каримов Патакор-Жизак унаа жолунун 16-чакырымында баратканда аны бир машине ашып өтүп, дароо ылдамдыгын азайтып жиберген. Ошол учурда Каримов рулду башкара албай жол жээгинде бараткан Г.Эгамбердиева аттуу жаранды сүзүп алган», — деди укук коргоо кызматкерлеринин бири.

Прокурордун орун басары катышкан жол кырсыгы фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Өз булактардын маалыматына караганда, 28 жаштагы Дильшод Каримов кырсык болгон маалда атасынын унаасын айдап бараткан. Учурда ал жергиликтүү оорукананын нейрохирургия бөлүмүндө жатат. Дарыгерлердин айтымында, ал эсине келип, сүйлөөгө жарап калды.

Пикир

Оставить комментарий