• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстанда ресторандагы ууланууга айыпталган адам прокурорго пара берип жатканда кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. 27-сентябрда 90 киши ууланган Өзбекстандын Карши шаарындагы ресторанга үй шартында салат жасап берген М.Шүкүров аттуу адам прокуратура кызматкерине пара берип жаткан маалда кармалды.

Жергиликтүү басылмалардын кабарлашынча, ал мындай жол менен өзүнө каршы кылмыш ишин козготпоого жана жоопкерчиликтен качууга аракет кылган.

Маалыматка караганда, Шүкүров 13-октябрда прокурордун иш бөлмөсүндө 500 доллар өлчөмүндө пара берип жатканда кармалган. Бул факты боюнча “Пара берүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ресторандагы адамдар санитардык нормаларды бузуу менен Шүкүровдун үйүндө жасалган салаттардан уулангандыгы аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий