• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өзбекстанда өрттөн үч бала тирүүлөй күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Андижанда үйлөрдүн биринде өрт чыгып, үч бала тирүүлөй күйүп кетти. Бул тууралуу облустук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-декабрда болжол менен саат 19:15те "Дальварзин" махалласындагы С.Абдулла көчөсүндө үйдүн 70 чарчы метр чатыры күйгөн. Тилсиз жоону өчүрүү учурунда үй ээсинин 15, 13 жана 5 жаштагы жашы жете элек балдары 100 пайыз күйүк менен табылган.

Өрт өчүрүүчүлөр жерине саат 19:19да жетип келишкен, өрт саат 19:22де чектөөгө алынып, 19:32де толугу менен өчүрүлгөн. "Өрттөн үйдүн 180 чарчы метр аянтын сактап калууга мүмкүн болду. Азыркы учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, ушул жылдын декабрь айында Бухарада өрттөн үч бала мерт кеткен.

Пикир

Оставить комментарий