• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өзбекстанда өсүмдүк майы кескин кымбаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Өзбекстанда акыркы жумада өсүмдүк майы кескин кымбаттады. Өткөн аптада бир литри 21 000 сум (2 доллар) турса, 14-апрелде анын баасы 24 000 сумга (2,3 доллар) көтөрүлдү.

Өлкөнүн Монополияга каршы комитети баалардын жогорулашы «тышкы базарлардагы кымбаттоолорго жана өткөн жылдагы түшүмдүн аздыгына» байланыштуу экенин билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өлкөгө жыл сайын 300 миң тоннадан ашык өсүмдүк майы керек болсо, 2020-жылы 450 миң тонна өндүрүлүп, анын жарымынан көбү импортко жөнөтүлгөн.

Ал ортодо өлкөдөгү Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо федерациясынын өкүлү жергиликтүү өндүрүүчүлөр дүйнөдө азык-түлүктүн кымбаттаганын шылтоолоп, өсүмдүк майына болгон бааларды «негизсиз жогорулатып жатканын» билдирүүдө.

Ошол эле маалда Өзбекстанда акыркы апталарда азык-түлүктүн башка түрлөрү да кымбаттады. Эксперттердин айтымында, баалар орточо эсеп менен 34% жогорулады.

Пикир

Оставить комментарий