• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда Садыр Жапаровдун иш сапарын кызыгуу менен күтүшүүдө – өзбек окумуштуусу

Коом 0

Ташкент, 10.03.21. /Кабар/. Өзбекстанда Кыргызстандын президент Садыр Жапаровдун иш сапарын чоң кызыгуу менен күтүшүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин кабарчысына Өзбекстандын улуттук университетинин профессору, социалдык илимдердин доктору Азамат Сеитов билдирди.

Анын айтымында, күн тартибиндеги эки тараптуу жана аймактык өз ара аракеттердин актуалдуу маселелерин бетме-бет талкуулоо Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары өнүгүүсүндө жана өзбек жана кыргыз элинин ортосундагы бузулбас достукту бекемдөөдө чоң мааниге ээ.

Өзбек окумуштуусунун пикиринде, Өзбекстан жана Кыргызстан мындан мурда ондогон жылдар бою чечилбей келген маселелерди акырындык менен чечүүнү улантат.

“Менин көз карашымда мамлекеттер аралык кызматташтыктын маанилүү багыты катары товар алмашуунун көлөмүн өстүрүү, өндүрүштө, энергетика жана айыл чарбасында кооперацияны күчөтүү, аймактар аралык байланышты жана гуманитардык алмашууларды кеңейтүү, натыйжалуу траспорт байланышы жана башка тармактарды өнүктүрүү боюнча аймактык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу айтсак болот. Бул мамлекеттик чек аранын делимитациясы боюнча бирдиктүү иштерге, андан тышкары өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердүүлүгүн активдештирүүгө да тиешелүү”,-деди өзбек эксперти.

Азамат Сеитов илимий-эксперттик коомчулуктун өкүлү катары ЖОЖдор аралык түз байланышты бекемдөөгө, анын ичинде билим берүү мекемелеринин ортосунда эки тараптуу макулдашууларга, меморандумдарга кол коюу, студенттер жана окутуучулардын эки тараптуу практикасын колдоо жана кеңейтүүгө кызыктар экенин билдирди.

“Эң башкысы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда жемиштүү кызматташтыкты улантуу үчүн бардык зарылчылыктар, барынан мурун өз ара ишеним бар”,-деди профессор.

Пикир

Оставить комментарий